Касым-Жомарт Токаев аяк оона айынын 14ү 15и күндөрү иш сапары менен Тажикстанга барат. Казакстандын президенти Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын 5-консультативдик жолугушуусуна жана Эл аралык аралдарды куткаруу фондунун уюштуруучу мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Эске сала кетсек, өткөн айда Тажикстандын президенти Астанага иш сапары менен келген.
Казакстан Таджикистан менен соода мамилелерин чыңдап жатат
Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүгө келсек, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында анын көлөмү 557 миллион доллардан ашты. Казакстан Тажикстандын негизги үч соода өнөктөшүнүн бири. Өлкөнүн Соода жана интеграция министрлигинин маалыматы боюнча, коңшу өлкөгө ата мекендик продукциянын экспорту 7%га өсүп, 387 млн АКШ долларынан ашты. Тажикстанга Казакстандын буудайы, күн карама майы, легирленбеген болоттон жасалган буюмдар жана мунай продуктылары жеткирилет. Жакында эле жергиликтүү ишкерлер соода-экономикалык миссиясы менен Дүйшөмбүгө барышты. Анын алкагында өткөн иштиктүү жолугушуулардын жыйынтыгында өлкөнүн ишкерлери жалпы суммасы 82 млн сомду түзгөн бир катар келишимдерди түзүүгө жетишишти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.