Казакстандын президенти венгриялык бизнестин капитандары менен да жолугушту. Будапештке болгон мамлекеттик визиттин алкагында өткөн Инвестициялык тегерек үстөлдүн жыйынтыгында жети коммерциялык документке кол коюлду. Алар айыл чарба, транспорттук инфраструктураны санариптештирүү жана билим берүү сыяктуу тармактарда кызматташууга багытталган. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле компания жетекчилерин Астана эл аралык форумуна катышууга чакырды. Ал жакта венгриялык бизнес казакстандык ишкерлер байланыштарын кеңейте алат. Белгилей кетсек, иш-чара 2025-жылдын бугу айына мерчемделген.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
- Быйыл өлкөңүз менен
стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларациянын кабыл алынганына 10 жыл толду.
Ушул мезгил аралыгында биздин тыгыз кызматташтыгыбыз өз ара ишенимге жана жалпы
максаттарга негизделди. Казакстанга венгриялык инвестициянын көлөмү 370 миллион
долларга жетти. Биздин
өлкөдө 70тен ашык венгриялык компаниялар, анын ичинде MOL
Group жана Gedeon Richter менен ийгиликтүү иштеп жатышат. Машина куруу, айыл чарба жана
логистика тармактарында инвестициялардын көлөмү 540 млн доллардан ашкан
биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу каралууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков