Казакстанда чет элдик банктын филиалын ачуу талаптары жеңилдеди. Тиешелүү мыйзам долбоорун өлкөнүн Мажилиси биринчи окууда жактырды. Анын алкагында чет өлкөлүк инвесторлорго туунду уюмду же филиалды ачууга уруксат берүү колдонуудагы 24 документтердин тизмеси 17 же 8 документке чейин кыскартылат. Бул түздөн-түз каржы уюмунун рейтингине жараша болот. Муну менен алардын активдерине болгон талаптар 20 миллиарддан 10 миллиард долларга чейин төмөндөйт. Мындан тышкары, чет өлкөлүк банктардын филиалдарына уруксат берилген иш-аракеттердин түрлөрү кеңейтилет. Ошондой эле лицензия алуу процедурасы оптималдаштырылат.
Мадина Абилкасымова, каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин төрагасы:
– Филиалдардын ишинин түрлөрү чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү, кастодиалдык ишмердик жана трансфер-агенттик ишмердик, синдикатталган каржылоого катышуу, төлөм карточкаларын чыгаруу сыяктуу операциялар менен толукталат. Экинчи этапта банк лицензиясын алуу үчүн чет өлкөлүк банктын документтеринин тизмеси да 50дөн 7ге чейин кыскартылат.
Ошондой эле бул мыйзам долбоорунда камсыздандыруу жана баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар каралган. Бул учурда, камсыздандыруу компаниялары маалыматтык технологиялар жаатында өз кызматтарын жана салым мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Мындан тышкары, камсыздандыруу брокеринин капиталына уюмдардын жана адамдардын катышуусу боюнча талаптар, акчаларды адалдоого каршы күрөшүү боюнча каржылык чараларды иштеп чыгуу тобунун стандарттарына ылайык белгиленет.
Мадина Абилкасымова, Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин ттрагасы:
– Чет элдик инвесторлордун Ата Мекендик фондулук рынокко жетүүсүн жеңилдетүү үчүн Euroclear жана Clearstream сыяктуу эл аралык эсептешүү уюмдарынын Казакстандын борбордук депозитарийинде түз эсеп ачуу мүмкүнчүлүгүн белгилөө сунушталууда. Бул алардын эсебин жүргүзүүгө жана өз кардарларынын казакстандык баалуу кагаздарга болгон менчик укугун тастыктоого мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков