Казакстан экономикасында кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшү 14%га жетти

Казакстан экономикасында кайра иштетүү өнөр жайынын үлүшү 14%га  жетти

Казакстандын кайра иштетүү өнөр жайы жети айда 6%дан ашык өстү, ал эми сектор тарабынан өндүрүлгөн өнүмдүн көлөмү 16 триллион теңгеден ашты. Жалпысынан, тармактын өлкө экономикасындагы үлүшү 14%га чейин көбөйдү. Мындай маалыматтарды өкмөттө жарыялап, бул президенттин өлкөнүн бекем өнөр жайлык негизин түзүү боюнча тапшырмаларын аткаруунун натыйжасы экенин баса белгилешти. Ишкерлерди колдоо үчүн 115 долбоорду ишке ашырууга өнүктүрүү институттары аркылуу 500 миллиард теңге бөлүндү. Дагы бир курал жөнгө салынган мамлекеттик сатып алуулар болуп калды. Үчтүн айы, теке айларында ата мекендик компаниялардан товарларды сатып алуунун көлөмү бир жарым эсеге өсүп, 1,2 триллион теңгеден ашты.

Ерсайын Нагаспаев, Казакстандын өнөр жай жана курулуш министри:  

- Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча, өкмөттүн приоритеттүү багыттарынын бири – өлкөбүздүн бекем өнөр жайлык негизин түзүү болуп саналат. Курулуш жана өнөр жай министрлиги азыр кайра иштетүү өнөр жайын жана албетте, биздин өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган. Индустриялаштыруу саясатынын аркасында биз кайра иштетүү секторунун тоо-кен казып алуу секторуна караганда өсүш темпинин жогорулаганын көрүп жатабыз.

Которгон: Назира Бегалиева