Казакстан
2035-жылга чейин химия өнөржай тармагына 5 трлн теңге инвестиция тартууну
пландоодо. Өнөр жай жана курулуш министрлигинин маалыматы боюнча, бул сектор
мамлекеттик колдоо механизмдеринин, инвестициялык активдүүлүктүн жана жаңы
долбоорлордун аркасында динамикалуу өнүгүүдө. Биринчи кварталда өнөр жай
өндүрүшүнүн көлөмү 406 миллиард теңгеге жетти. Бул полипропилен жана уран
кошулмаларын өндүрүүнүн көбөйүшүнө байланыштуу. Азыр кайра иштетүү
структурасында химиялык өнөр жайдын үлүшү 4,5 пайыздан ашты. Бул жаатта айыл
чарбасы, металлургия тармагы жана курулуш материалдары өндүрүшүнүн
өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

