К. Токаев чет элдик инвесторлор кеңешинин пленардык жыйынын өткөрдү

Эл аралык менеджментти өнүктүрүү институтунун маалыматы боюнча Казакстан дүйнөдөгү атаандаштыкка жөндөмдүү алдыңкы 35 өлкөнүн катарына кирди. Бүгүнкү күндө Республика өзүнүн инвестициялык тартымдуулугун жогорулатууда. Ишкерлерди колдоо максатында Өкмөткө караштуу Инвестштаб түзүлүп, улуттук экономиканы либералдаштыруу, укуктук жана сот системаларын жаңылоо жүргүзүлүүдө. Ал эми жаңы Салык кодексинде бизнес үчүн кошумча преференциялар иштелип чыкты. Ага ылайык, салым жабдууларды жана программалык камсыздоону сатып алуу үчүн бардык чыгымдарды алып салуу укугу берилет.  Айта кетсек, бизнес чөйрөлөр менен министрлер кабинетинин санариптик өз ара аракеттенүүсү кеңейет. Ошентип, жылдын аягына чейин долбоорлорду көзөмөлдөө боюнча Улуттук инвестициялык платформаны ишке киргизүү пландаштырылууда. Бул тууралуу мамлекет башчысы бүгүн чет элдик инвесторлор кеңешинин 36-отурумунда билдирди. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти: 

Жаңы кабыл алынган 2029-жылга чейинки Улуттук инфраструктуралык план жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн "мүмкүнчүлүк терезесин" ачат. Болжол менен 200 миллиард доллардан ашык бааланган 86 ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылат. Өкмөт офтейк келишимдерин локалдаштыруу үчүн товарлардын тизмесин түзөт. Өнөр жайдын өсүшү үчүн жогорку квалификациялуу жумушчу күчү керек. Ага ылайык, мен 2025-жылды ишкердик жылы деп жарыяладым. Биз Казакстандагы техникалык жана кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүүгө даяр инвесторлорду издеп жатабыз. 

Касым-Жомарт Токаев инвесторлор үчүн артыкчылыктуу багыттардын катарына геологиялык чалгындоо жана тоо-кен иштери экенин атады. Ошентип, акыркы 6 жылда Казакстан бул тармакка 1 миллиард доллардан ашык жеке инвестиция тартты. Энергетика тармагы тартымдуу бойдон калууда - өлкө келечекте жылына 100 миллион тоннадан ашык мунай өндүрүүнү максат кылып койду. Республика мунай-химия өнөржайын өнүктүрүүгө ниеттенүүдө, деп белгиледи мамлекет башчысы. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти: 

-2022-жылы биз жылына 500 миң тонна кубаттуулугу бар Борбордук Азиядагы эң ири полипропилен заводун ишке киргиздик. Учурда бул ишкана ички суроо-талаптын дээрлик 60% камсыздайт жана Европа, Түркия жана Кытайга экспорттойт. Ушул жылдын аяк оона айында кубаттуулугу жылына 1,2 миллион тонна полиэтилен өндүрүү боюнча заводдун курулушу башталды. 14 миллиард доллардан ашык наркы бар бир катар мунай-химиялык долбоорлор иштелип чыгууда. 

Президент ошондой эле “таза энергетика”, агроөнөр жай жана транспорт-логистика секторлорунун инвестициялык тартымдуулугун жогорулатууга көңүл бурду. Бул аймактарда чет элдик капиталдын катышуусу менен ири долбоорлор азыртадан эле ишке ашырылып жатат жана бул чек эмес. Өлкөдө биргелешкен өндүрүштөрдү ишке киргизүү боюнча жаңы сунуштар иштелип чыкты. 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков