“Күчтүү аймактар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн кыймылдаткычы” улуттук долбоорун ишке ашырууга 1,4 триллион теңге жумшалды. Долбоордун 2021-жылга карата иш-чараларына жалпысынан 1,5 триллион теңге бөлүнгөн. Анын 93 пайызы өздөштүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында өлкөнүн Улуттук экономика министри билдирди. Алибек Куантыровдун айтымында, ал эки багытта ишке ашырылууда. Биринчиси “Базалык кызматтарга бирдей мүмкүнчүлүк”, экинчиси “Транспорт каттамын камсыз кылуу”, анда 4 милдет, 20 көрсөткүч жана 96 иш-чара аныкталган. Аталган улуттук долбоор аймактар ортосундагы айырманы азайтуу максатында ишке кошулган.
Алибек Куантыров, Казакстандын Улуттук экономика министри:
- 2021-жылы улуттук долбоорду ишке ашыруу төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берди. Шаар тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу көрсөткүчү 90%ды түздү, моно жана чакан шаарларда инженердик-транспорттук инфраструктуранын эскириши 57,6%дан 45,5%га төмөндөдү, 17,1 миллион чарчы метр турак-жай пайдаланууга берилди, республикалык маанидеги автоунаа жолдорунун ченемдик абалындагы үлүшү 90%га чейин, жергиликтүү маанидеги унаа жолдорунун үлүшү 80% өстү, 112 миңге жакын туруктуу жана убактылуу жумуш орундары түзүлдү.
Белгилей кетсек, бул долбоорго 2022-жылга 1,8 триллион теңге, анын ичинде бюджеттен тышкаркы 709 миллиард теңге каралган. Үстүбүздөгү жылдын баш оона айынын 1не карата 528 миллиард тенге жумшалды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков