Казакстандын жаңы демилгелүү инвестициялык саясаты
америкалык инвесторлорго жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнө Вашингтондо
тааныштырылды. АКШнын Соода палатасында Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта
фондунун жылдык сессияларынын алдында тегерек стол болуп өттү. Chevron,
ExxonMobil, Mastercard, General Electric, Pfizer сыяктуу алдыңкы компаниялардын
өкүлдөрү менен болгон жолугушууда улуттук экономиканын вице-премьер-министри
Серик Жумангарин өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын – мунай-химиядан,
металлургиядан, агротехнологиялардан баштап, жасалма интеллектти жана
санариптик технологияларды киргизүүгө чейин сунуштады. Казакстан туруктуулуктун
ишенимдүү кепили жана Борбордук Азиядагы экономикалык өсүштүн борбору катары
чыккан өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине өтүүгө өзгөчө басым жасалды.
Серик Жумангарин,
Премьер-министрдин
орун басары, улуттук экономика министри:
- Албетте, суроолор
Казакстанга инвестиция салуу менен гана чектелген жок. Баарынан мурда Казакстан
Борбор Азиядагы өзүнүн ролун кандай көрөт деген суроо кызыктырды. Алар өлкөнү
инвестицияларынын коопсуздугу үчүн гана эмес, жалпы аймактын коопсуздугу үчүн
да жоопкерчиликтүү болгон ишенимдүү өнөктөш катары көргүсү келет. Бул жагынан
алганда, албетте, сөз абдан терең болду.
Айта кетсек, америкалык инвесторлордун
Казакстанга болгон кызыгуусу жаратылыш ресурстарынын байлыгынан тышкары,
мамлекеттин ачык саясаты, инфраструктуранын өнүгүшү жана каржылык реформалар аркылуу да
өсүүдө. Жолугушуунун катышуучулары жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруунун
маанилүүлүгүн баса белгилешти. Белгилей кетсек, Казакстан менен АКШнын
ортосундагы эки тараптуу товар жүгүртүү көбөйүп, өткөн жылы 4%га өсүп, 4
миллиард доллардан ашты.
Михаил Нибладзе, Cerberus
Frontier аткаруучу мүдүрү:
- Казакстандын
Америка Кошмо Штаттарына жогорку деңгээлдеги делегация жөнөтүп, америкалык
компаниялар менен кызматташууга даяр экенин көрсөткөнү абдан маанилүү. Бул
маанилүү демилге: жеке сектор менен мамлекеттик деңгээлдеги байланыштарды
чыңдоого чоң мүмкүнчүлүк бар. Бул этап дайыма майда-чүйдөсүнө чейин көңүл
бурууну талап кылат. Кийинки кадам АКШ менен Казакстандын ортосундагы
долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу болот деп ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

