Казакстанда илимий долбоорлорду коммерциялаштыруу үчүн каржылоо 4 эсеге өстү

Казакстанда илимий долбоорлорду коммерциялаштыруу үчүн каржылоо 4 эсеге өстү

Быйыл анын көлөмү 17 миллиард теңгеден ашса, кийинки жылы бул көрсөткүч 25 миллиард теңгени түзөт. Бул тууралуу илим жана жогорку билим берүү министри Саясат Нурбек парламентте илимди өнүктүрүү темасына арналган өкмөттүк саатта билдирди. Анын айтымында, азыр республикада 400дөн ашык уюм илимий изилдөө жана эксперименталдык долбоорлоо иштерин жүргүзүп жатат. Алардын 26%ы гана мамлекеттик секторго жана 43 пайызы жеке ишкер уюмдарга тиешелүү. Буга байланыштуу бизнес акырындап илимий изилдөө иштерине бурулганын байкоого болот, дейт тармак жетекчиси. Жалпысынан республика боюнча акыркы үч жылда илимди каржылоо 3 эсеге өстү. Быйыл бул багытта 173 миллиард теңгеге жакын каражат бөлүнгөн. Учурда бул тармакта 22 миңден ашык илимий кызматкерлер иштейт. Ошол эле учурда ата мекендик жаш изилдөөчүлөрдүн саны 34%га жетти.