Мажилис эндаумент-фонд тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Мажилис эндаумент-фонд тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Казакстанда инвесторлордун каражаттарын социалдык маселелерге багыттай турган жаңы механизм киргизилиши мүмкүн. Мажилис дал ушуну көздөгөн  эндаумент-фонд тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Документте мындай фондду түзүүгө мүмкүн болгон секторлор такталган. Бул билим берүү, саламаттыкты сактоо, массалык спорт жана маданият тармагы. Бул жаңычылдык өлкөдөгү илим менен инновацияны колдоонун негизи болот. Дагы бир максат-коомдо кайрымдуулук маданиятын калыптандыруу. Азыр өлкөдө 20дан ашык эндаументтик фонддор бар. Бул документ алардын ишин мыйзамдуу жөнгө салат. Башкача айтканда, уюштуруучулар жана аманатчылар аудит жүргүзө турган платформа түзүлөт. Мындай фонддун донорлоруна дем берүү үчүн атайын салыктык жеңилдиктерди берүү сунушталууда. Салынган салымдарды салыктан бошотуу каралган. Белгилей кетсек, документти иштеп чыгууда АКШ, Орусия, Австралия, Франция, Сингапурдун алдыңкы тажрыйбалары эске алынды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков