Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енча менен жолугушууда талкуулады. Ошону менен бирге Алматыда Борбордук Азияны жана Ооганстанды туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча БУУнун аймактык борборун ачуунун келечегине өзгөчө көңүл бурулду. Өз кезегинде Мирослав Енча Казакстан менен БУУ ортосундагы кызматташтыктын деңгээлин, ошондой эле өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий реформаларды жогору баалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков