Президент Люксембург Премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Люксембург Премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Касым-Жомарт Токаев Люксембургдун премьер-министри Люк Фриден менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар эки жактуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты. Энергетикадагы, каржыдагы, санариптик технологиялардагы жана башка чөйрөлөрдөгү натыйжалуу кооперация маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Касым-Жомарт Токаев жана Люк Фриден Евробиримдиктин алкагында өнөктөштүктүн дараметин пайдалануунун жана Бенилюкс өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурушту. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков