Бул тууралуу Акорда кабарлады. Касым-Жомарт Токаев Казакстан эли референдумдагы саясий өзгөрүүлөрдү, анын ичинде парламентти жана маслихаттарды түзүү жол-жобосун жаңыртууну колдой турганын билдирди. «Эми биз Мажилиске жана Маслихатка шайлоолорду өткөрүшүбүз керек», - деди президент. Жыйын соңунда президент айтылган бардык пикирлерди эске алып, конкреттүү чечим кабыл ала турганын белгилеп өттү. Ошондой эле, бүгүн мамлекет башчысы Парламент Мажилисин жана Маслихат депутаттарын кезексиз шайлоону дайындоо жөнүндө токтомго кол койду. Документке ылайык, мажилистин депутаттарын кезексиз шайлоо жалган куран айынын 19на белгиленди.