Мамлекет башчы Казакстан Республикасынын 2029-жылга чейинки улуттук өнүгүү планын бекитти

Мамлекет башчы Казакстан Республикасынын 2029-жылга чейинки улуттук өнүгүү планын бекитти

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын 2029-жылга чейинки улуттук өнүгүү планын бекитти. Бул документ заманбап чакырыктарды эске алуу менен иштелип чыккан. Негизинен экономикалык өсүш, жашоонун сапаты менен инновация жана инвестиция маселелерине артыкчылык берилет. Өнүгүү планы 4 блоктон жана 17 багыттан турат. Негизги жетишкендиктердин бири өлкөнүн бардык жашоочулары үчүн негизги инфраструктурага жана сапаттуу кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле ар бир жаранга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп калат. Документте каралган багыттарды ишке ашыруу Казакстандын жан башына кирешеси жогору өлкөлөрдүн тобуна кирүүсүн камсыздайт. Тактап айтканда, максаттуу индикаторлорго жетишүү ички дүң өнүмдү 450 миллиард долларга, экономиканын реалдуу өсүү темпин 6,7 пайызга, калктын жашоо узактыгын 77 жашка чейин көтөрүүгө мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков