Казакстандын ИДӨ өсүшү 11 айдын жыйынтыгы боюнча 4,4%
түздү. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаевге Премьер-министр билдирди.
Олжас Бектеновдун айтымында, экономиканын өсүшүнүн негизги фактору мунай эмес
секторду өнүктүрүү болгон. Ал эми экономиканы ар тараптандыруунун алкагында
айыл чарбасы, курулуш, соода, транспорт, кайра иштетүү өнөр жайы жана унаа
жасоо көлөмдөрдүн өсүшүнүн жакшы динамикасын көрсөттү. Мамлекет башчысына
атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоонун жыйынтыктары жана терең кайра иштетүүгө
дем берүү тууралуу маалымат берилди. Алсак, кайра иштетилген товарлардын
экспорту 10,2% га өсүп, 23 млрд доллардан ашкан. Негизги капиталга тартылган инвестициялардын
көлөмү да 3%дан ашык өстү, жана маанилүүсү – ишканалар ресурстук эмес секторго
көбүрөөк инвестиция салууга артыкчылык беришти. Жыйынтыгында Президент оң
динамиканы жогорулатуу боюнча ишти улантууну тапшырды. Инвестицияларды тартуу,
инфраструктураны модернизациялоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

