Мажилис экинчи сессиядагы ишин аяктады

Мажилис экинчи сессиядагы ишин аяктады

Мажилис экинчи сессиядагы ишин аяктады. Төмөнкү палатанын депутаттары бул жолу 100 мыйзам кабыл алышты. Белгилей кетсек, ар бир үчүнчү жактырылган документ депутаттар тарабынан демилгеленген. Алардын арасында сот системасы, аялдардын жана балдардын коопсуздугу боюнча конституциялык мыйзам. Балдар жана жер казынасын пайдалануу боюнча улуттук фонддун документтери, жалпыга маалымдоо каражаттары бар. Өткөн сессияда үч жүздөн ашык маселе каралды. Мажилисчилер 500дөн ашык депутаттык суроо жолдошту. Эл өкүлдөрү эки жарым миңдей жаранды кабыл алышты.

Ерлан Кошанов, Парламент мажилисинин төрагасы:

 

Парламенттин жыйыны аяктады. Бирок бул мыйзамды кабыл алуу ишинде гана эки айлык тыныгуу болот дегенди билдирет. Ал эми депутаттардын иши улана берет. Аймактарга чыгып, эл менен жолугушабыз. Өлкө президенти депутаттардын аймактарга барып иштөөсү маанилүү экенин белгиледи. Шайлоочулардын суроо-талаптарын өз оозунан угуу биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Келечекте мунун баары жаңы мыйзам чыгаруу демилгелерине жана депутаттык суроолорго негиз болот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков