Казакстандын Президенти бир катар ири инвесторлор менен жолугушууларды өткөрдү

Казакстандын Президенти бир катар ири инвесторлор менен жолугушууларды өткөрдү

Астанада өткөн чет элдик инвесторлор кеңешинин отурумунун алкагында Казакстандын президенти эл аралык бизнес жана каржы институттарынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Касым-Жомарт Токаев менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо жакынкы жылдардагы кызматташтык келечектерин талкуулашты. Сүйлөшүү учурунда санариптештирүү жана жасалма интеллект жаатындагы кызматташтыкты жандандырууга басым жасалды. Эл аралык каржы институту өлкөдөгү инновациялык экосистемалардын калыптанышына колдоо көрсөтөт. Бүгүнкү күндө банк Казакстанда жалпы наркы 3 миллиард евродан ашкан 131 долбоорду каржылап жатат.

Мамлекет башчысы VEON компаниялар тобунун башкы аткаруучу мудүрү Мухтерем Каан Терзиоглу менен да санариптештирүү жана АІ темасын талкуулады. Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуу учурунда инвестор «Санариптик Казакстан» концепциясын ишке ашырууга кызыгуусун билдирди. Компания алдыдагы үч жылда бизнесин эки эсе көбөйтүп, өлкөнүн экономикасына дагы бир миллиард доллар инвестиция салууга ниеттенүүдө.

Мамлекет башчысы Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед Сулейман Аль-Джассер менен жолугушууда 2027-2032-жылдарга арналган жаңы Стратегиялык өнөктөштүк алкагындагы кызматташтык маселесин талкуулады. Айта кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Ислам банкы өлкөгө жалпы суммасы 4,2 миллиард доллардан ашык каражат бөлгөн. Ал эми учурдагы жана келечектеги долбоорлордун портфели 3 миллиард доллардан ашат.

Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев АКШ Соода палатасынын улук вице-президенти Хуш Чокси менен жолугушту. Тараптар кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде маанилүү минералдарды иштетүү, энергетика, транспорттук байланыштар, айыл чарба тармактарындагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Мамлекет башчысы сүйлөшүү учурунда Казакстан президент Дональд Трамптын администрациясы менен конструктивдүү кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экендигин ырастады.

Ал эми Cameco корпорациясынын аткаруучу мудүрү Тим Гитцель менен жолугушуунун жүрүшүндө атом энергетикасы тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү каралды. Касым-Жомарт Токаев Казакстандын энергетиканы жаңыртуу жана кошумча наркы жогору өнүмдү өнүктүрүү багытында ырааттуу иш алып барып жатканын белгиледи. Президенттин айтымында, өлкө ичинде толук ядролук отун циклин түзүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

Казакстандын Президенти AD Ports Groupтун башкаруучу жана башкы аткаруучу мүдүрү Мухаммед Аль-Шамисини кабыл алды. Маектешүү учурунда Ортоңку коридорду өнүктүрүү алкагында Каспий аймагынын транспорттук-транзиттик дараметин кеңейтүү келечеги талкууланды. Жолугушууда жүк ташуу тармагындагы биргелешкен ишканалардын ишине, ошондой эле порт инфраструктурасын өнүктүрүү, дан жана жүк терминалдарын куруу маселелерине басым жасалды.

Актөбе аймагында суусундуктарды чыгаруучу ишкананын курулушу башталды. Бул Anadolu Group компаниясынын Казакстандагы 6-заводу. Компания 30 жыл ичинде өлкөгө 1 миллиард долларга жакын инвестиция салган. Холдингдин төрагасы Камиль Сулейман Языджы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевга компаниялар тобунун өлкөдөгү иштеринин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Тараптар ошондой эле экономиканын башка тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн караштырышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков