Казакстан президенти «ШКУ плюс» саммитине катышты

Казакстан президенти «ШКУ плюс» саммитине катышты

Касым-Жомарт Токаев «ШКУ плюс» саммитине катышты. Ал аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана туруктуу өнүгүү маселелерине арналды. Казакстандын Президенти баса белгилегендей: бир дагы өлкө заманбап чакырыктарга жалгыз туруштук бере албайт. Ошондуктан ШКУ тынчтыкты коргоо үчүн масштабдуу диалогду жайылтууга тийиш. Биргелешкен аракеттер гана куралдуу кагылышуулардын "кайтарылгыс чекитке" жетишине жол бербөөгө жардам берет, деп ишенет Казакстандын Президенти. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө БУУну, биринчи кезекте анын негизги органы – Коопсуздук Кеңешин реформалоого чакырды. Мамлекет башчысы катышуучулардын көңүлүн экологиялык маселелерге, атап айтканда, Каспий деңизинин айланасындагы кырдаалга бурду. Бул маселе ШКУнун алкагында узак мөөнөттүү кеңешүүлөр үчүн артыкчылыктуу болушу мүмкүн, деп белгиледи Казакстандын Президенти. Ошондой эле, ал чын куран айында Астанада БУУ менен өнөктөштүктө Региондук экологиялык саммит өткөрүлө тургандыгын билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков