Казакстан
армиясы эң алдыңкы курал-жарак жана техника менен жабдылган. Коргонуу-өнөр жай
комплекси өнүгүп келүүдө. Жоокерлердин даярдыгы дайыма өркүндөтүлөт. Бул
тууралуу өлкө башчысы – Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн Жогорку колбашчысы
Касым-Жомарт Токаев Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу жыйында
билдирди. Казак - негизинен эр жүрөк эл.
Элдин баатырдык салттары атадан балага чейин уланууда, - деди Президент. Быйыл
Улуу Жеңишке 80 жыл толду. Бир миллион эки жүз миңден ашуун жарандар согушка
аттанган. Алардын жарымы согуш талаасынан кайтып келген жок.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Тылдын эмгекчилери күн-түн дебей тер төктү.
Ошентип, элибиз Улуу Жеңишке чексиз
салым кошту. Жеңиш майрамы эрдикти билдирет. Ошондой эле тынч жашоонун,
биримдиктин жана тилектештиктин маанилүүлүгүн туйунтат. Эң негизгиси, Жеңиш
күнү аркылуу укумдан-тукумга өтөт. Казакстандын күч түзүмдөрүнүн ата-бабаларынын татыктуу жолдоочусу. Куралдуу
күчтөр биздин өлкөнүн көз карандысыздыгын, тынчтыгын жана бүтүндүгүн коргойт.
Укук коргоо органдары Мыйзамды жана тартипти, атайын кызматтар-улуттук
коопсуздукту камсыз кылат. Куткаруучулар элдин жыргалчылыгы үчүн талыкпай
эмгектенишет.
Президент Казакстан тынч мамлекет экенин баса белгиледи.
Бүткүл өлкө менен достук мамиле түздү. Жолугушуунун соңунда Касым-Жомарт Токаев
аскер кызматкерлерине, куткаруучуларга жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине жогорку
аскердик жана атайын наамдарды, ошондой эле жогорку мамлекеттик сыйлыктарды
тапшырды. Алар Мекенге берилгендик менен кызмат кылуунун үлгүсү болууга тийиш.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

