Казакстан өлкөдө инвестициялык долбоорлорду ишке ашырган серб ишкерлерине толук колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Сербиянын премьер-министри Милош Вучевич менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы эки тараптын өкмөттөрүн жетишилген келишимдерди сапаттуу ишке ашыруу үчүн биргелешип аракеттенүүгө чакырды. Атап айтканда, бул бир нече ири долбоорлорго байланыштуу болмокчу. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, аны ишке ашыруу эки тараптуу экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жаңы дем берет. Ошол эле учурда соода-экономикалык өнөктөштүк боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жана ишкерлер кеңешинин ишине чоң үмүт артылууда. Өз кезегинде Милош Вучевич "жашыл" технологиялар жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
К. Токаевге Сербиянын коргоо өнөржайы тааныштырылды
Муну менен катар Касым-Жомарт Токаев аскер-өнөр жай комплексинин ишканаларынын көргөзмөсүнө барды. Сербиянын бул багыттагы чоң тажрыйбасы Казакстандын коргонуу дараметин чыңдоого өбөлгө болот. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Сербия дүйнөнүн 70 өлкөсүнө аскердик өнүм жеткирет.
Серик Жумангарин, Премьер-министрдин орун басары:
- Биринчиден, биз келечегибизди аскердик-техникалык чөйрөдө көрүп жатабыз. Болжол менен 6га жакын жеке компаниялар жана биздин "Казакстан Инжиниринг" улуттук компаниясы жергиликтүү аскердик-өнөр жай комплекси менен абдан жигердүү кызматташууда. Азыркы тапта тажрыйбалык иштер бар. Жакын арада биз бул тармакта ири долбоорлорду жарыялайбыз деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков