Мажилис
Евразия экономикалык биримдигинин Иран жана Сингапур менен эркин соода тууралуу
макулдашуусун ратификациялады. Бул ата мекендик өнүмдүн чет өлкөлүк рынокторго
чыгуусун жеңилдетет жана экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Жалпысынан аталган мамлекеттер
менен товар жүгүртүү өсүп жатат. Алсак, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстан
Сингапур менен 1 миллиард 800 миллион долларлык соода алмашкан. Макулдашуу күчүнө киргенден тартып,
бул мамлекет республиканын башка өлкөлөрүнөн жана экономикалык бирикмеден
ташылып келген бардык товарларга бажы алымдарын алып салат деп күтүлүүдө. Кийинки
макулдашууда Иран менен соода мамилелерин жаңы жана сапаттуу деңгээлге көтөрө
турган тартымдуу шарттарды түзүү каралган.
Кайрат
Торебаев, Соода жана интеграция вице-министри:
- Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр ортосунда товарлардын чектелген тизмеси боюнча преференциялык соода режими колдонулууда. Жаңы келишимде товардык номенклатуранын дээрлик 90% алымсыз соода жүргүзүлөт. Бул келишим менен Иран көпчүлүк товарлар боюнча нөлдүк алымдарды колдонууга жана соодада чектөөлөрдү колдонбоого милдеттенме алат.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

