Астана жараянынын алкагында Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы 2025-жылдын алгачкы жарымында өтөт

Астана жараянынын алкагында Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы 2025-жылдын алгачкы жарымында өтөт

Астана кайрадан Сирия боюнча кезектеги жолугушуунун аянтчасына айланды. Казакстандын борборунда эл аралык сүйлөшүүлөрдүн 22-айлампасы өттү. Өлкөнүн Тышкы иштер министринин орун басары белгилегендей, сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктады. Алибек Бакаевдин айтымында, сүйлөшүүлөрдүн алгачкы максаттары толугу менен аткарылды. Бул деэскалация зоналарын түзүүгө, чырдашкан тараптардын ортосундагы чыңалууну токтотууга да тиешелүү. Бардыгы сириялыктардын кадимки жашоосун калыбына келтирүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Эскерте кетсек, Астана жараянына 11 делегация, анын ичинде Сирия өкмөтүнүн жана оппозициянын өкүлдөрү, кепил өлкөлөр: Орусия, Түркия жана Ирандын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык байкоочулар катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Кепил өлкөлөр Сирия маселесин туруктуу жөнгө салууну алга жылдырууда Астана жараянынын алдыңкы ролун баса белгилешти.

Ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактардын күчөшү Араб Республикасындагы кырдаалга терс таасирин тийгизип жатканын айтышты. Жалпысынан тараптар Сириянын эгемендүүлүгүнө, көз карандысыздыгына, биримдигине жана аймактык бүтүндүгүнө болгон умтулууларын ырасташып, сүйлөшүүлөрдүн кийинки 23 - айлампасын 2025-жылдын биринчи жарымында Астанада өткөрүүнү макулдашышты. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков