Бүгүнкү күндө Казакстанда мамлекеттик-саясий
түзүлүштүн жаңы модели калыптанды – бийликтин бардык бутактарынын ортосунда
оптималдуу баланс түзүлдү. Өлкөдө
Конституциялык сот жана коомдун ишенимине ээ болгон саясий партиялар бар.
Маанилүү кадам мамлекет башчысына кайра шайлануу укугу жок 7 жылдык мөөнөттү
киргизүү болду. Мажилисте Касым-Жомарт Токаевдин үч жылдык реформасынын жыйынтыгы
талкууланды. Палатанын спикеринин айтымында, кадамдар адилеттүү Казакстандын
пайдубалын түптөдү. Ошол эле учурда Ерлан Кошанов реформанын жүрүшүндө өлкөнүн
башкы мыйзамы өзгөртүлүп, шайлоо системасы аралаш – партиялык тизме жана бир
мандаттуу округдар боюнча өткөнүн баса белгиледи. Казакстан эл аралык аренада
зор ийгиликтерге жетишти. Өлкө өзүн «орто» держава жана глобалдык диалогдун борбору катары
көрсөттү. Жетишкендиктердин бири – Алматынын БУУнун Борбордук Азия жана
Ооганстанды туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча аймактык борбору катары бекитилүүсү.
Ерлан Кошанов, Парламент
Мажилисинин депутаты:
- Белгилей
кетсек, Германиянын Европадагы эң абройлуу илимий-аналитикалык борбору «Илим жана саясат» фонду Казакстанды аймактагы негизги оюнчу деп атап,
биздин өлкөнү орто державалардын катарына кошкон. Мунун баары мамлекет
башчысынын эл аралык аренада багытталган аракетинин эң маанилүү натыйжасы. Эми
биздин алдыбызда өзүнүн улуттук кызыкчылыктары, цивилизациялык кодубуз,
маданиятыбыз менен тарыхыбыздын мааниси бар жетилген мамлекет катары
миссиябызды дүйнөлүк коомчулукка жеткирүү милдети турат.
Парламенттин депутаттары президенттин багытын
колдогон токтом кабыл алып, казакстандыктарды башкы максат – Адилеттүү
Казакстанды куруу үчүн биригүүгө чакырышты.
Юлия Кучинская, Парламент
мажилисинин депутаты:
- Биз
бир нече топтомдо жүргүзгөн саясий реформаларыбызда бир нече ыкмалар болгон
жана чындыгында бул коомдун өзүн өнүктүрү, маданиятты, диалогду калыптандыруу
көз карашынан алганда абдан маанилүү кадам болду. Дал ушул өз ара аракеттенүүнүн
жаңы формалары экономикада, эл аралык аренада жана башка бардык тармактарда өз
ара аракеттенүүнүн жаңы форматтары тууралуу айтууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

