Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Владимир Путин менен Дональд Трамптын Украина боюнча телефондук сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын кубаттайт. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн лидерлери конкреттүү келишимдердин негизинде Евразия мейкиндигинде коопсуздукту камсыз кылуу үчүн чечүүчү мааниге ээ узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүү ниетин көрсөтүштү деп эсептейт. Буга чейин Президент бардык державаларды Украина боюнча «тынчтык формуласын» иштеп чыгуу максатында сүйлөшүү процессин баштоого чакырып, БРИКС саммитинде Кытай менен Бразилиянын тынчтык планын колдогон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

