Казакстан президенти Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин башкы кол башчысын кабыл алды

Казакстан президенти Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин башкы кол башчысын кабыл алды

Коргонуу жана аскердик билим берүү тармагындагы кызматташтык Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин Башкы кол башчысы генерал Асим Мунирдин жолугушуусунда талкууланды. Мамлекет башчысы өлкө Пакистанды Түштүк Азиядагы маанилүү өнөктөш катары карап жатканын баса белгиледи. Тараптардын ортосундагы мамилелерде оң динамика байкалат. Алсак, экономикалык чөйрөдө - соодада, транспортто жана логистикада олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар. Өз кезегинде генерал Асим Мунир Казакстан менен Пакистандын коргоо мекемелеринин өз ара аракеттешүүсүнүн оң тенденциясын белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков