Мажилис депутаттары расмий түрдө аралыктан иштөө эрежелерин иштеп чыкты

Мажилис депутаттары расмий түрдө аралыктан иштөө эрежелерин иштеп чыкты

Казакстандыктарга башка шаарда жүргөндө дагы, маяналарын кыскартпастан аралыктан иштөөгө уруксат берилиши мүмкүн. Бүгүн Мажилис депутаттары аралыктан иштөө учурунда жарандар кандай эмгектенерин талкуулашты. Депутаттар мыйзам долбоорун иштеп чыгып, «аралыктан иштөө» түшүнүгүн киргизишти. Эл өкүлдөрү бул эрежелер менен кызматкер кеңседе дагы, чет өлкөлөрдө дагы иштей алат, дешет. Аны менен катар, өз милдеттерин үйдөн чыкпай туруп аткарууга аргасыз болгон кызматкерлердин маанилүү маселелеринин бири – керектүү байланыш каражаттары жана компьютерлердин жетишсиздиги болуп саналган. Эми эреже боюнча, өзгөчө кырдаал же карантин учурунда жумуш берүүчү кызматкерди бардык керектүү шаймандар менен камсыз кылышы керек. Эгерде кызматкер өз каражатын туруктуу негизде пайдаланып келсе, жетекчилик ага акчалай компенсация төлөп берүүгө тийиш. Ошентип, жаңы мыйзамды иштеп чыгуучулар колдонуудагы актыларга 92 түзөтүү киргизишти.

Жанат Омарбекова, Казакстандын Мажилис депутаты:

Кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо максатында эмгек келишиминде жумуш убактысынын катталган эсебин түзүү боюнча норма киргизилди. Бул убакыт ичинде кызматкер жумуш убакытынын күнүмдүк узактыгынын чектөөлөрүн сактоо менен иш убакытысында жумуш берүүчү менен байланышта болуу үчүн жеткиликтүү шартта камсыздалууга тийиш. Бул учурда эмгек келишиминин тараптарынын макулдашуусу боюнча, аралыктан иштеген кызматкерлер үчүн жумуш убактысынын жыйынтыктоочу эсебин колдонуп, жумуш убактысынын ийкемдүү режими белгилениши мүмкүн.

Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө дүйнөдө ар бир бешинчи адам аралыктан иштөө режимине өттү. Эгерде пандемия учурунда жарандардын 70% дистанттык режимде иштешсе, ушул жылдын үч айында 73 миңден ашуун адам гана аралыктан эмгектенген. Мажилис депутаттары бул мыйзам долбоорун кабыл алуу менен казакстандыктардын эмгек укуктарынын корголушун камсыз кылууга боло тургандыгын белгилешти. Анткени, эми аралыктан иштей турган жумушту так аныктоого болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков