Казакстан БУУнун дүйнөлүк туруктуу өнүгүү рейтингинде 66-орунга жайгашты

Казакстан БУУнун дүйнөлүк туруктуу өнүгүү рейтингинде 66-орунга жайгашты

Өлкөнүн бул көрсөткүчү акыркы үч жылда 12 пунктка жакшырды. Бул тууралуу Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча парламенттик комиссиянын биринчи отурумунда сөз болду. Өлкө Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев Казакстанда өткөн жылдары бул багытта көп иштер аткарылганын, бирок көйгөйлөр дагы деле бар экенин айтты.

Маулен Ашимбаев, Парламент сенатынын төрагасы:

- Бул пандемияга чейинки көрсөткүчтөн жакшыраак болгону менен, кийинки жылдары төмөндөө катталганын айтышыбыз керек. Айрыкча суу ресурстарынын азайышы, социалдык теңсиздик менен байланышкан олуттуу маселелер бар. Башка тармактарда да чечиле элек маселелер жетиштүү. Андыктан алдыга коюлган туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн жаңы дем керек экени талашсыз. Аларды ишке ашыруунун пайдасын биринчи кезекте казакстандыктар көрүүгө тийиш.

Алибек Куантыров, Улуттук экономика министри:

- Туруктуу өнүгүү максаттары көрсөткүчтөрүнүн 60%дан ашыгы улуттук долбоорлорго жана концепцияларга, өнүктүрүү пландарына киргизилген. Туруктуулук жана инклюзивдүүлүк принциптери Казакстан Республикасынын 2025-жылга чейинки Улуттук өнүгүү планынын негизин түзөт. Стратегиялык максаттар өлкөнүн экономикалык, социалдык жана экологиялык бакубаттуулугунун үчилтигин бириктирген Улуттук долбоорлор аркылуу жергиликтүү деңгээлде ишке ашырылат.

Эске сала кетсек, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары 2015-жылы бекитилген. Бул документти ишке ашыруу боюнча дүйнөнүн 200гө жакын өлкөсү бир катар милдеттенмелерди алышкан. Эл аралык уюмдун программасында 17 максат бар. Алар айрым мамлекеттердин жана дүйнөнүн өзөктүү маселелерин чечүүгө арналган. Негизгиси – калктын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатуу, глобалдык экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун карайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков