Казакстанда «Жеткиликтүү интернет» улуттук долбоору бекитилди. Ал 2024-жылдан 2027-жылга чейинки мезгилди камтыйт. Аны ишке ашырууга 1,5 триллион теңгеден ашык каражат каралат. Долбоордун алкагында зымдуу жана зымсыз байланыш инфраструктурасын өнүктүрүүгө олуттуу каражат жумшалат. Улуттук долбоор мамлекет башчысынын республиканын интернет тармагын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларын аткаруу максатында кабыл алынды. Тиешелүү токтомго премьер-министр Алихан Смаилов кол койду.
Динара Алимова,
Премьер-министрдин басма сөз катчысы:
- Анын негизги максаты – эң аз
дегенде секундасына 100 мегабит ылдамдыктагы кең тилкелүү интернет менен камсыз
кылуу. Атап айтканда, айыл жергесинде оптикалык булалуу байланыш түйүндөрүн
курууга басым жасалат. 3000ден ашык калктуу пунктту тийиштүү байланыш
тармактары менен туташтыруу пландаштырылган. Мындан тышкары, улуттук долбоордун
алкагында 487 антенна орнотуу мерчемделүүдө. Бул 17 миң чакырым жолду мобилдик
интернет менен басып өтүүгө мүмкүндүк берет.
Улуттук долбоордун дагы бир
багыты – 5G тармагын мындан ары өнүктүрүү. Бүгүнкү күндө 600дөн ашык базалык
станция орнотулган. 2025-жылдын аягына чейин бул технологияны республикалык
маанидеги бардык шаарларга жана облус борборлоруна киргизүү пландалууда. Мындан
тышкары, ири дата-борборлорду жана трансчек аралык була-оптикалык
магистралдарды куруу боюнча чаралар колго алынат. Ошол эле учурда, республикага
алдыңкы эл аралык IT-компанияларды тартуу үчүн мыйзамдарды жаңылоо зарыл. Өкмөт
белгилегендей, улуттук долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн аймактагы санариптик хаб
катары позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков