Казакстанда
алдыдагы парламенттик реформа кеңири талкууланууда. Астанада Мамлекеттик
кеңешчи Ерлан Кариндин төрагалыгы алдында жумушчу топтун төртүнчү жыйыны өттү.
Жыйындын негизги темасы келечектеги Парламенттин бийликтин башка институттары
менен өз ара аракеттенүү маселелерин, бир палаталуу мыйзам чыгаруу органынын
аталышын кароо болду. Парламенттик реформа боюнча казакстандыктардан, анын
ичинде серепчилерден жана
коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнөн 500дөн ашык сунуш түштү. Ерлан Карин бардык
түшкөн демилгелерди жалпылап, талдоону тапшырды. Парламенттик системаны
өркүндөтүүгө карата ыкмаларды иштеп чыгуу жумушчу топтун кийинки жыйындарында
да улантылат. Эске салсак, жумушчу топ өткөн жылдын тогуздун айынын 8де Президенттин буйругу
менен түзүлгөн. Биринчи жыйын тогуздун
айынын 14дө өткөрүлүп, ага мамлекет башчысы
Касым-Жомарт Токаев катышкан. Ошол эле күнү анын тапшырмасы боюнча e-Otinish
жана eGov платформаларында казакстандыктардан сунуштарды чогултуу үчүн «Парламенттик реформа» атайын бөлүмү ишке
киргизилген. Бештин айынын
2де
өткөн экинчи жыйында жаңы Парламентти түзүү маселелери кеңири каралган. Үчүнчү
жыйында келечектеги Парламенттин мыйзам чыгаруу процессинин механизмдери
талкууланды.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

