Казакстан МАГАТЭ башкы конференциясынын 67-сессиясына катышат

Казакстан МАГАТЭ башкы конференциясынын 67-сессиясына катышат

Венада Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башкы конференциясынын 67-сессиясы өтүп жатат. Аяк оона айынын 29на чейин улана турган жыйынга Казакстан да катышат. Миссияны энергетика министри Алмасадам Саткалиев жетектейт. Ал улуттук компаниялардын жетекчилери менен, ошондой эле МАГАТЭнин башкы мүдүрү Рафаэль Гросси менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Айбек Смадияров, ТИМ расмий өкүлү:
-Казакстан Республикасынын Улуттук ядролук борбору жана Өзөктүк физика институту биргеликте атом энергиясын тынчтык максатта пайдалануу жаатында өлкөнүн дараметин көрсөтүү үчүн  маалыматтык стенд-павильон уюштурушту. Конференциянын алкагында МАГАТЭ менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү мерчемделген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков.