Астанада көмүр өнөржай форуму өттү

Астанада көмүр өнөржай форуму өттү

Көмүр-химия өнөржайы келечекте Казакстандын өндүрүш өнөр жайынын негизги тармактарынын бири болот. Ал өлкөгө ондогон миллиард доллар киреше алып келиши мүмкүн. Бул үчүн бардык шарттар бар. Казакстан жыл сайын 100 миллион тоннадан ашык көмүр өндүрөт. Республика чийки заттын кору боюнча алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирет. Көмүрдү үнөмдүү пайдалануу үчүн алдыңкы технологияларды киргизүү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, эң негизгиси көмүр химиясын өнүктүрүү боюнча атайын талдоочулук борбор түзүү зарыл. Бул тууралуу Астанада өткөн көмүр өнөржай форумунда айтылды. Ага Казакстандын жана башка мамлекеттердин тармактык адистери, серепчилери, окумуштуулары катышты.

Николай Расдостовец, Тоо-кен жана тоо-кен металлургия ассоциациясынын аткаруучу мүдүрү:

- Биз көмүрдү жеринде кайра иштетүүнү, көмүр химиясы боюнча ишканаларды түзүүнү пландап жатабыз. Биздин көмүрдөн 300гө жакын фармацевтикалык, химиялык жана башка көптөгөн өнүмдөрдү жасоого болот. Бул жерде биз менен иштешкен инвесторлор бар. Акыркы 2-3 жылдын ичинде Казакстанда бир нече кокс-химиялык заводдор курулду. Көмүр менен иштеген электр станциялары экологиялык стандарттарга жооп бере турган жаңы технологияларды колдонуу менен курулат.

Форумдун алкагында эл аралык адистештирилген көргөзмө өттү. Бул жерде тоо-кен-металлургиялык комплекстин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча өнүмдөр жана акыркы иштеп чыгуулар көрсөтүлдү. Геологдордун, тоо-кен инженерлеринин жана конструкторлордун иштерин пландаштырууну жакшыртууга мүмкүндүк берүүчү платформа бар. Чечим өндүрүштү автоматташтырууга жана оптималдаштырууга багытталган.

Рустам Ахметкалиев, Тоо-кен ишканалары үчүн программалык чечимдерди иштеп чыгуу боюнча компаниянын өкүлү:

- Биз дүйнөнүн 124 өлкөсүндө, ошондой эле Алматыдагы кеңсени камтыган компаниябыз. Бул программалык чечимдерди ар кандай тармактарда, анын ичинде тоо-кен казып алуу өнөр жайында сунуштайбыз. Бул унаа чогултуу, кеме куруу, аэрокосмостук жана тоо-кен өнөр жайынын тармактары.

Которгон: Илгиз Жамлабеков