Казакстандын геологиялык чалгындоо тармагына чет элдик
компаниялар 12 миллиард теңге инвестиция салды. Бул жаңы көрсөткүч акыркы беш
жылдын натыйжасы. Өлкөнүн өнөржай министрлигинин маалыматына караганда, өткөн
жылы жер казынасын пайдалануу укугун берүү боюнча өткөрүлгөн аукциондордун
жыйынтыгында өлкө казынасына 5 миллиард 700 миллион теңге түшкөн.
Инвесторлордун салымдары менен катар географиясы дагы кеңейип келүүдө.
Экономикага сырттан тартылган капитал боюнча Улуу Британия, Австралия,
Сингапур, Канада жана Түркия сыяктуу өлкөлөр алдыда. Бүгүнкү күндө кендерди
чалгындоо жана казуу иштерине 3 миңден ашык лицензия берилген. Жакынкы аралыкта
ири чет элдик компаниялардан тартылган инвестициялардын көлөмүн 41 миллиард
долларга жеткирүү пландалууда. Бул жер казынасын болжол менен дагы 25 миң чарчы
чакырымга жакын изилдөөгө мүмкүндүк
берет.
Бакытжан Адонгаров, жер казынасын пайдалануу укугун берүү
башкармалыгынын жетекчиси:
- Акыркы жылдары чет өлкөлүк компаниялардын биздин өлкөгө олуттуу инвестициялар менен келиши биз үчүн абдан чоң жетишкендик болуп саналат. Сыртталган тартылган капиталдын көлөмүнүн өсүшү, геологиялык чалгындоо иштеринин санын арттырат. Лицензия 6 жылга берилет. Геологиялык чалгындоо иштеринин жыйынтыгы боюнча аталган инвесторлор баланска кайсы фонддорду кошкону белгилүү болот. Бул ишке жумшала турган каражат масштабдуу болот. «Rio Tinto, Fortescue» сыяктуу алптардын мындай ишти аткарууга келгени жана салып жаткан инвестициялары биз үчүн абдан маанилүү. Азыр алардан жыйынтык күтүп жатабыз. Компания атамекендик тармакка абдан чоң көлөмдө инвестиция салып, чет өлкөлүк жаңы технологияларды колдонуп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

