К. Токаев Вашингтонго иш сапарынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү

К. Токаев Вашингтонго иш сапарынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү

Казакстандын президенти Вашингтонго болгон сапарынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү. Касым-Жомарт Токаев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана Дональд Трамптын администрациясынын башка өкүлдөрү менен эки тараптуу жана аймактык күн тартибинин негизги аспектилери боюнча пикир алмашты. Мамлекет башчысынын айтымында, Казакстан кызматташтыкты тереңдетүү үчүн конструктивдүү диалог жүргүзүүгө даяр.

Касым-Жомарт Токаев ошондой эле эл аралык рынокко чыккан ата мекендик IT стартаптарынын негиздөөчүлөрү менен жолугушту. Жолугушууга жалпы наркы 1,4 миллиард долларды түзгөн 20дан ашык стартаптын өкүлдөрү катышты. Бул улуттук IT экосистеманын инновациялык дараметин көрсөтүп турат.

Ошондой эле Казакстандын президенти америкалык конгрессмендерди кабыл алды. Мамлекет башчысы АКШ Конгресси Казакстан менен достук мамилелерди чыңдоодо маанилүү ролду ойной турганын белгилеп, парламент мүчөлөрүнө эки өлкөнүн ортосундагы кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктү алга жылдырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы Chevron корпорациясынын мудүрлөр кеңешинин төрагасы Майкл Уирт менен жолугушууда казак тараптын чийки затты өндүрүү, кайра иштетүү жана ташуу жаатында өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга даяр экенин ырастады.

Андан кийин Касым-Жомарт Токаев АКШнын сенатору Стив Дэйнска Казакстандын Республика күнүнө карата Конгресстин расмий билдирүүсү үчүн ыраазычылык билдирди. Бул өлкөлөрдүн ортосундагы көп жылдык стратегиялык өнөктөштүктүн далили.

Касым-Жомарт Токаев John Deere компаниясынын КМШ жана Борбордук Азия боюнча президенти Чабо Лейко менен жолугушту. Мамлекет башчысы компаниянын өлкөдө айыл чарба техникасын өндүрүүнү жергиликтүүлөштүрүү чечимин колдоду. 2,5 миллиард долларга бааланган Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол коюлду. Документте кеминде 3 миң айыл чарба техникасын чыгаруу, тейлөө борборлорун ачуу, ошондой эле 5 жылдын ичинде адистерди окутуу каралган.

Казакстандын президенти The Washington Post жана The New York Times сыяктуу белгилүү америкалык басылмаларга маек курду. Касым-Жомарт Токаев Казакстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык, сапарынын мааниси, Дональд Трамп жүргүзүп жаткан саясат, дүйнөдөгү геосаясий кырдаал, Украинанын айланасындагы кырдаал жана башка маселелер боюнча ой бөлүштү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков