Актау жана Курык портторунун базасында ири транспорттук-логистикалык кластер түзүлөт. Бул 2024-2028-жылдарга деңиз инфраструктурасын өнүктүрүүнүн комплекстүү планында каралган. Транспорт министрлиги белгилегендей, аны ишке ашыруу контейнердик сыйымдуулукту жогорулатууга, жүктөрдү кайра жүктөө терминалдарын өнүктүрүүгө жана эл аралык транспорттук логистиканы өнүктүрүүгө багытталат. Ошондой эле административдик тоскоолдуктарды кыскартууга мүмкүндүк берет.
Ляззат Стамгазиева, транспорт министрлигинин расмий өкүлү:
– Документке ылайык, быйыл Курык портунун акваториясын тереңдетүү жана Актау портунда контейнердик хаб куруу иштери башталат. Долбоорлордун негизги бөлүгү жеке инвестициялардын, анын ичинде Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутун өнүктүрүүнүн алкагында пландаштырылган инвестициялардын эсебинен ишке ашырылат. Ошентип, 2028-жылга чейин порттордун сыйымдуулугун 50% жогорулатуу пландалууда. Ошондой эле, контейнерлердин өткөрүү жөндөмдүүлүгү 3 эсеге көбөйөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков