Казакстандын Президенти Xinjiang Lihua компаниясынын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Чжан Цихайды кабыл алды. Тараптар өлкөдө толук өндүрүш цикли менен пахта жана текстиль кластерин түзүү долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулашты. Баштапкы инвестициялар болжол менен 360 миллион долларды түзөт. Бир нече объектилер, анын ичинде пахтаны кайра иштетүүчү эки завод ишке киргизилген. Токулбаган кездемелерди жана үй кездемелерин өндүрүүнү алдыдагы жылдары баштоо пландаштырылууда. Долбоор пахта өстүрүүнү 52 000 гектарга чейин кеңейтет. Жолугушуунун аягында Касым-Жомарт Токаев Чжан Цихайды Казакстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.
Сюй Цзе, долбоордун башкы жетекчиси:
– Биз ар кайсы өлкөлөрдө рынокту кылдат изилдедик, бирок Казакстанда бул долбоорду ишке ашыруу үчүн бардык зарыл шарттар, анын ичинде мол жаратылыш ресурстары жана климаттык шарттар бар экенин көрүп жатабыз. Учурда биз Түркестан аймагында масштабдуу өнөр жай чынжыр долбоорун, дал ушул сыяктуу долбоорду Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда ишке ашырууну пландап жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

