Казакстан көмүр-химия өнөр жайын өнүктүрүүгө ниеттенүүдө

Казакстан көмүр-химия өнөр жайын өнүктүрүүгө ниеттенүүдө

Казакстан көмүримия өнөр жайын өнүктүрүү үчүн инвесторлорду жигердүү тартууга ниеттенүүдө. Ошентип, алдыдагы убакытта бул багытта 12 миллиард доллардан кем эмес каражат бөлүү көздөлүп жатат. Чет элдик капиталдын катышуусунда өлкөдө бир эле убакта 15 ири долбоор ишке кошулат деп күтүлүүдө. Астанада жолугушкан ата мекендик адистер, экономисттер, бизнес өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөр өнөр жайдын жаңы түрүн өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республикада 50гө жакын көмүр ишканасы бар. Алардын бешөө катуу отунду кайра иштетүүчү жаңы линияны ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жалпысынан Казакстан азыркы учурда 33 миллиард тоннадан ашык көмүрдүн эң ири кору бар жана жыл сайын бул чийки затты 100 миллион тоннага чейин өндүрө алган дүйнөдөгү алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирет. Серепчилердин айтымында, өлкөдө атаандаштыкка жөндөмдүү экспортко багытталган өнүмдөрдүн 400дөн ашык түрүн чыгарууга болот.

 

Азамат Панбаев, Өнөр жай жана курулуш министрлигинин өнөр жай комитетинин төрагасы:

- Бул жаатта биринчи кезекте  кокс өндүрүшүнөн баштап, андан ары бензол, параксилол сыяктуу катуу отундардан алынган химия өнөр жайына катыштуу башка да даяр өнүмдөрдү атап өтүүгө болот. Жалпысынан мамлекет тарабынан бир нече багыттар боюнча колдоо көрсөтүлүүдө, атап айтканда, даяр инвестициялык долбоорлорго тиешелүү инфраструктуралар каралган. Буга байланыштуу газ, электр энергиясы, темир жол, автоунаа жолдору, инсдустриялык аймактар же атайын экономикалык аймактар үчүн тиешелүү жер тилкелери бөлүнгөн. Жеткиликтүү деңгээлде жеңилдик чаралары каралган.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков