Казакстандын коргоо министри Бириккен Улуттар Уюмунун операциялары үчүн атамекендик Куралдуу Күчтөрдүн стратегиялык транспорттук дараметин колдонууну сунуштады. Ошондой эле мындай мүмкүнчүлүктөрү бар өлкөлөр менен авиация эле гана эмес, деңиз, кургактык компоненттери менен да узак мөөнөттүү келишим түзүү зарыл. Бул демилгелерди министр Руслан Жаксылыков уюмдун Берлиндеги министрлер конференциясында билдирди. Мекеме башчысы учурда Казакстанда тынчтык орнотуучуларды даярдоого толук мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Коллегиялык кеңешмеде тараптар тынч калкты коргоо, тынчтыкты орнотуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аялдардын тынчтыкты сактоо операцияларына катышуусу боюнча пикир жана тажрыйба алмашышты. Белгилей кетсек, конференциянын тарыхында биринчи жолу БУУнун расмий англис, француз, испан, орус, араб жана кытай тилдери менен катар казак тилинде доклад жасалды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

