Өлкө Мажилиси да жыл жыйынтыгын чыгарды. Палатанын спикери бул жылы мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү үчүн натыйжалуу болгонун белгиледи. Ерлан Кошанов жыл башынан бери мамлекет башчысынын кайрылууларда, шайлоо алдындагы программада, Улуттук курултайда тапшырмаларын аткаруу үчүн бир катар маанилүү мыйзамдар кабыл алынганын белгиледи. Бул сессия башталгандан бери мажилисмендердин кароосуна 106 мыйзам долбоору келип түшкөн. Алардын 37си кабыл алынып, 19на президент кол койду.
Ерлан Кошанов, Парламент мажилисинин төрагасы:
- Жалпысынан бул жылы депутаттар тарабынан олуттуу иштер аткарылды. Кийинки жылы дагы ушул темпти сакташыбыз керек. Эң башкысы, элибиздин жыргалчылыгын жогорулатуу жана мамлекет башчысынын тапшырмаларын аткаруу ар дайым көңүл борборунда болууга тийиш. Жакында биз аймактарга иш-сапарлар менен барабыз. Башкы максат-кабыл алынган мыйзамдардын маанисин, жүргүзүлүп жаткан иштин абалын жер-жерлердеги шайлоочуларга жеткирүү. Ошону менен бирге биз алардын региондордо кантип ишке ашырылып жатканына коз салып кайтышыбыз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

