Казакстан президенти улуттук банктын төрагасын кабыл алды

Казакстан президенти улуттук банктын төрагасын кабыл алды

2024-жылы Улуттук фонддун активдерин башкаруудан түшкөн киреше 4,5 миллиард долларды түздү, ошол эле учурда Улуттук банктын алтын-валюталык дүң резерви 45 миллиард 800 миллион долларга жеткен. Өсүш 27%дан ашты. Бүгүн монетардык жөнгө салуунун төрагасы Тимур Сулейменов Казакстандын Президентине 2024-жылы акча-насыя саясатын ишке ашыруунун жыйынтыктары жана 2025-жылга карата пландар тууралуу маалымат берди. Тимур Сулейменов банк секторундагы туруктуу кырдаал, депозиттик базанын туруктуу өсүшүн улантуу, улуттук санариптик карыжылык инфраструктураны өнүктүрүү жана Антифрод-борбордун иши жөнүндө айтып берди. Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекет башчысы инфляцияны турукташтыруунун, ошондой эле Улуттук банк менен Өкмөттүн макроэкономикалык саясатын тыгыз координациялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков