Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Европа биримдигинин мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышты

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Европа биримдигинин мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышты

Чолпон-Атада Еврокеңештин президенти, ошондой эле Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын,  Өзбекстандын лидерлери менен Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштар жана санариптештирүү жаатында кызматташуу маселесин талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев Борбор Азия менен Евробиримдиктин кызматташтыгын кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин айтты. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча европалык инвестициянын көлөмү 23%га ​​өсүп, 12,5 миллиард долларга жеткен. Ошол эле учурда Казакстан 2025-жылга чейин Евробиримдик менен соода көлөмүн 50 миллиард долларга жеткирүүгө кызыкдар. Касым-Жомарт Токаев Еврокеңештин президенти менен жолугушуусунда тараптардын алакасын мындан ары тереңдетүү маселесин талкуулады. Шарль Мишель Европа биримдик менен Казакстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү үчүн кызматташууга чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков