Казакстанда эки жаңы министрлик түзүлөт. Бул тууралуу президент өз кайрылуусунда билдирди. Алардын бири Суу чарба жана ирригация министрлиги. Касым-Жомарт Токаев өлкө үчүн жашоонун булагы мунай, газ же металлдан кем эмес экендигин белгиледи. Анын айтымында, 2040-жылга карата калктын жана экономиканын өсүү темпин эске алганда өлкөдө суунун тартыштыгы 12-15 миллиард куб метрге жетиши мүмкүн. Ошондуктан суу чарба системасын эффективдүү өнүктүрүү милдети көз карандысыз мекеменин моюнуна жүктөлүүгө тийиш. Жаңы министрликтин алкагында Улуттук гидрогеологиялык кызмат иш алып барат. Мындан тышкары, мамлекет башчысы суу үнөмдөөчү алдыңкы технологияны киргизүүнү тездетүү жана аны пайдалануу аянтын жыл сайын 150 миң гектарга чейин кеңейтүү зарылдыгын белгиледи. Бардыгы болуп 20 жаңы дамба курулуп, кеминде 15 суу сактагыч жана 3 жарым миң чакырым канал модернизацияланат. Негизги милдет - 2027-жылга чейин кошумча эки куб километр сууга жетишүү.
Буга кошумча Өкмөт Транспорт министрлиги менен толукталат. Жаңы министрлик жол инфраструктурасын курууга жооптуу болот. Президент Казакстан Евразия континентиндеги негизги транзиттик хаб катары ролун жогорулатып, транспорт-логистика тармагы экономиканы алдыга жылдырган негизги күчтөрдүн бирине айланышы керектигин айтты. Бул үчүн өлкөнүн деңиз инфраструктурасын жана транзиттик дараметин жогорулатууга артыкчылык берилет. Касым-Жомарт Токаев Казакстан түндүк менен түштүктү, батыш менен чыгышты бириктирген глобалдык жолдун кесилишинде жайгашканын баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков