Казакстан президенти АКШга иш сапарынын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Казакстан президенти АКШга иш сапарынын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Каржы секторун жана IT чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча кызматташуунун келечеги.  Казакстандын президенти ушул жана башка маселелерди Mastercard компаниясынын аткаруучу вице-президенти Никола Вилла менен АКШга болгон жумушчу сапарынын алкагында талкуулады. Касым-Жомарт Токаев инновациялык төлөм технологиялары тармагындагы дүйнөлүк лидерлердин биринин Алматыны КМШ, Борбордук жана Чыгыш Европадагы аймактык хаб катары тандоо чечимин колдоду. Буга кошумча, Mastercard ата мекендик GovTech чечимдерин чет өлкөдө жайылтууга ниеттенүүдө. Никола Вилла белгилегендей, көптөгөн өлкөлөр Казакстандын бул жааттагы тажрыйбасына кызыгышат. Касым-Жомарт Токаев Amazon компаниясынын вице-президенти менен республикада дата-борборлорун куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар булуттук технологияларды өнүктүрүү боюнча кызматташуу тууралуу да сүйлөшүштү.


Багдат Мусин, Санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмостук өнөр жай министри:

-Жолугушууда Казакстандын президенти менен корпорациянын вице-президенти Сьзюзан Пойнтер улуттук технологиялардын IT тармагын өнүктүрүүгө жана санариптештирүүгө тийгизген таасирин талкуулашты. Казакстандын Санариптик өнүктүрүү жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги менен Amazon Web Services компаниясынын ортосунда Outpost булуттук чечимди сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул бүгүнтөн баштап Amazon Web Services технологиялары биздин Egov платформабызга интеграциялана турганын билдирет.


Мындан сырткары, мамлекет башчысы Rio Tintонун башкы аткаруучу мүдүрү Якоб Штаусхолмду кабыл алды. Президентке Костанай жана Караганды облустарындагы жез кендерин чалгындоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Бирок GE Healthcare компаниясынын Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча президенти Роб Уолтон Касым-Жомарт Токаевге Казакстанда клиникалык сүрөттөрдүн борборлоштурулган санарип архивин түзүү ниети тууралуу айтты. Мындан тышкары, америкалык компания республикада УЗИ аппараттарын чыгарууну уюштурууну жана Астана медициналык университетинде медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча академияны ачууну көздөп жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков.