Мажилис 2023-жылдагы ишин жыйынтыктады

Мажилис 2023-жылдагы ишин жыйынтыктады

Быйылкы сессия башталгандан бери Мажилиске жалпысынан 106 мыйзам долбоору келип түшкөн. Алардын 35ин төмөнкү палатанын депутаттары кабыл алып, Сенатка жиберди. Президент 26 мыйзамга кол койду. Мажилистин төрагасы быйылкы жылдын акыркы жалпы жыйынында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды. Ерлан Кошанов белгилегендей, бүгүнкү күндө Мажилис түрдүү көз караштар менен саясий пикирлер чогулган аянтчага айланды. Жазгы саясий өнөктүктүн жыйынтыгында депутаттардын курамы жаңыланды. Катарга 6 саясий партия менен бир мандаттуу округдан шайланган өкүлдөр кошулду. Бүгүнкү күнгө чейин алар 233 депутаттык суроо-талап жолдогон.

Ерлан Кошанов, Парламент Мажилисинин төрагасы:
- Парламенттик талкуунун жана депутаттык суроо-талаптын мазмуну, деңгээли жаңы тепкичке көтөрүлдү. Ошентип, баарыбыз жаңы саясий маданияттын калыптанышына катыштык. Быйылкы жылы депутаттар мамлекет башчысынын “Күчтүү Президент таасирдүү парламент отчёт берген өкмөт” саясий формуласын ишке ашырууга активдүү салым кошту. Келерки жылы Касым-Жомарт Кемел уулу Токаевдин демилгелерин жүзөгө ашыруу, элдин кызыкчылыгын коргоо үчүн коомчулук менен тыгыз иш алып барууну улантабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков