Евробиримдик 10 жылдын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнө 120 миллиард доллар инвестиция салган. Бул чындыгында аймакка келген түз чет элдик инвестициянын 40%ын түзөт. Өз ара аракеттенүү кызматташтыктын дээрлик бардык тармактарына жайылды, бирок потенциал жогору. Борбор Азиянын лидерлери бир күн мурда Европа биримдигинин башчысы менен болгон жолугушууда пайдалана ала турган жана колдонуу маанилүү болгон мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Ошентип, Казакстан жыл сайын дээрлик 1,5 миллиард долларга кайра иштетилген продукциянын 100дөн ашык түрүн чыгара алат. Өнөктөштүк үчүн сунушталган тармактар машина куруу, темир жана болот өндүрүү жана айыл чарбасы. Бирок ЕБ негизги соода өнөктөшү гана эмес. Бул ири геосаясий борборлордун бири, биздин аймак Европа менен Азиянын ортосундагы көпүрө. Ошондуктан, бул өз ара аракеттенүүнүн спектрин да кеңейтүү маанилүү.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
Белгилүү болгондой, биз жыл сайын 5 миллион тоннадан ашык буудайды, анын ичинде ЕБ өлкөлөрүнө экспорттойбуз. Акыркы бир жылда биздин ЕБге азык-түлүк экспорту 32%га өсүп, 630 миллион доллардан ашты. Демек, Казакстан ЕБ өлкөлөрүнө айыл чарба продукцияларын жана минералдык жер семирткичтерди жеткирүүнү уланта алат. Өзүнчө тема бул жашыл энергия. Биз да тыгыз кызматташа алабыз деп ишенем.
Терроризмге, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка жана адам сатууга каршы биргелешип күрөшүү. Мигранттарды жана курал-жарактарды мыйзамсыз ташууну токтотуу. Кибер коркунучтарга жана баңги аткезчилигине каршы туруу. Негизги макулдашуулар Борбор Азия лидерлери менен алардын европалык өнөктөшүнүн биргелешкен билдирүүсүнүн негизин түздү. Учурда логистиканы жана жашыл экономиканы өнүктүрүү жана диалогду колдоо абдан маанилүү. Мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков