Мамлекет башчысы белгилегендей, добуш берүүнүн жыйынтыгы Өзбекстандын президентинин өлкөнүн стабилдүү өнүгүшүнө, анын туруктуулугун жана гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган позициясы бүтүндөй калктын колдоосуна ээ болгондугун ачык көрсөтүп турат. Сүйлөшүү учурунда мамлекет башчысы казак-өзбек мамилелерин стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык маанайда мындан ары да чыңдоого ниеттенип жатканын ырастады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков