Акордада Казакстан менен Катардын өз ара энергетика жана телекоммуникация тармактарында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Президент Касым-Жомарт Токаев Power International Holding компаниясынын башчылары Муатаз Аль-Хаят жана Рамез Аль-Хаятты кабыл алды. Маектешүү учурунда Мамлекет башчысына компаниянын өлкөдөгү телекоммуникация рыногундагы ишмердүүлүгүн кеңейтүү планы баяндалды. Касым-Жомарт Токаев Холдинг бул тармактын инфраструктурасын жаңыртууга, кызматтын сапаты менен калкка жеткиликтүүлүгүн арттырууга көмөктөшөрүнө ишеним билдирди. Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара ыкмалдаштыкты андан ары жандандырып, келечектүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин ырасташты.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

