Казакстандын борборунда эки күндүк Астана эл аралык форуму башталды. Жыйынга 5 миңден ашык делегат катышууда. Алардын арасында бир катар мамлекет башчылары, саясатчылар жана дипломаттар, беделдүү эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар. Быйылкы форум «Акыл-ойлорду бириктирүү аркылуу келечекти көздөө» темасына арналды. Форумдун пленардык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Касым-Жомарт Токаев эл аралык күн тартибиндеги маселелерге көңүл бурду. Дүйнө жүзүн акырындык менен чыр-чатактар, согуш оту каптап баратат. Өткөн жылдын маалыматы боюнча 52 мамлекет куралдуу кагылышуу абалында турган - деди президент. Анын кесепеттеринен келтирилген экономикалык жоготуулар 19 триллион долларга жетти. Бул дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн болжол менен 13,5 пайызын түзөт.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Биз өзөктүк куралы бар
мамлекеттердин ортосундагы чыңалууга
өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Бүгүнкү
күндө тогуз өлкөнүн арсеналында жалпысынан 13 миң өзөктүк дүрмөт бар. Серепчилер аны
колдонуу ыктымалдыгы өсүп жатканын эскертишет. Атүгүл кокусунан жаза тайып,
инцидент же эскалация
себеп болушу мүмкүн. Бир гана жарылуунун
кесепети абдан оор болот.
Окумуштуулардын айтымында, атом бомбасы түшкөн жерин күлгө айлантып гана тим болбостон, глобалдык
климаттык катастрофага алып келип, бүтүндөй эгинди жок кылып жибериши мүмкүн.
Бирок,
Казакстандын президентинин айтымында, глобалдык коопсуздукка коркунучтар
геосаясий мүнөздө гана эмес. Протекционизм, соода согуштары да өсүүдө. Ошондуктан, бүгүнкү күндө
БУУнун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маанилүү. Бул үчүн Касым-Жомарт
Токаев Коопсуздук кеңешинин курамын кеңейтүүнү колдойт. Казакстан заманбап
турбуленттүү дүйнөнү конструктивдүү өз ара аракеттенүү призмасы аркылуу карайт.
Өлкөнүн тышкы саясаты бөлүнүүгө
караганда диалогдун артыкчылыгына жана эгемендүү
укуктарды урматтоого таянат.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Ошондуктан биз санариптик
технологиядан жана жасалма интеллекттен баштап жашыл энергияга, кошумча наркы жогору өндүрүшкө чейинки
негизги тармактарда өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү бекемдөөнү улантабыз. Биз
санариптик трансформацияда олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Биздин максат Евразиядагы
алдыңкы IT хабка айлануу.
Өзгөчө жасалма
интеллектти өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Бир катар чет элдик
университеттердин филиалдары бар,
илимий-изилдөө жана иштеп чыгуулар
тармагында түзүлгөн өнөктөштүк жолго коюлган. Академиялык
жана инновациялык хабка айлангыбыз
келет.
Бирок,
климаттык каатчылык
чечилбесе, туруктуу өнүгүү болбойт, деп белгиледи президент. Борбордук Азия планетанын
климаттын өзгөрүшүнө алсыз аймактарынын бири. Бул жерде глобалдык жылуулуктун
деңгээли дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсе жогору. Аталган кыйынчылыктарды
жеңүү үчүн регионалдык координация, прагматикалык багыт менен климаттык күн
тартибин алдыга жылдыруу
кажет. Келерки жылы Казакстан БУУ менен биргеликте
аймактык экологиялык саммит өткөрөт.
Которгон: Илгиз
Жамлабеков

