Нидерланд Королдугунун Премьер-министри казакстандык студенттер менен жолугушту. Марк Рютте өлкөгө болгон жумушчу сапарынын алкагында Максут Нарикбаев атындагы университетте болуп, болочок юристтер менен экономисттерди кызыктырган суроолорго жооп берди. Жолугушууда ардактуу конок өлкөлөрдүн кызматташуу дараметине токтолду. Соода-экономикалык жана башка тармактарда эки тарап түзгөн кызматташуу чөйрөсү сүйлөшүүнүн өзөгү болду. Премьер-министр Казакстан менен Нидерланды эми жашыл энергетика тармагына артыкчылык берерин айтты.
Марк Рютте, Нидерланды Королдугунун Премьер-министри:
– Бизде суу ресурстарын башкаруу жаатында кызматташуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Казакстан быйыл суу ташкынына кабылганын билебиз. Биз үчүн Казакстанга колдоо көрсөтүү чоң сыймык. Ошондой эле бул маселеде сиздерден үйрөнө турган көп нерсебиз бар. Анан, албетте, биз үчүн энергетикалык кызматташуу маселеси да маанилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков