Казакстандагы 5 алдыңкы жер астындагы суу

Казакстандагы 5 алдыңкы жер астындагы суу

Казакстандын эң мыкты 5 жер астындагы суулары аталды. Тармактык министрликтин маалыматы боюнча, алар өлкөнүн калкынын жана өнөр жай объектилеринин жашоо-турмушун камсыз кылуунун негизги булагы болуп саналат. Бул катарда Көкжиде, Алматы, Талгар, Мерке жана Кеңкияк жер астындагы суу кен жайлары бар. Алар жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга олуттуу салым кошуп, региондордун туруктуу өнүгүүсүнө себепчи болууда. Жер астындагы ири булактардын кору Алматы шаарынын, Алматы облусунун, Актөбе регионунун тургундарын жана ишканаларын үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Карлыгаш Нуриханова, жер астындагы сууларды мамлекеттик көзөмөлдөө жана мониторинг башкармасынын башчысы:

- Бүгүнкү күндө жер астындагы суулардын жылдык кору болжол менен 15,7 куб чакырымды түзөт. Мындан тышкары, жер астындагы суулар дарыялар менен көлдөрдү толуктап, экологиялык тең салмактуулукту сактайт. Учурда керектелген суунун жалпы көлөмүнүн 95,8% жер үстүндөгү булактардан алынат. Жер астындагы суулардын 4,2% гана керектелет. Ичүүчү суунун муктаждыктары үчүн жер үстүндөгү булактардан 60,5% суу алынат. Жер астындагы суулар 39,5% түзөт. Аларды сарамжалдуу сарптоо-жашоо тартыштыгын алдын алууда маанилүү кадам. Экосистема жана айлана-чөйрөнү коргоонун камы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков