Кытай Казакстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири бойдон кала берет. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 31 миллиард доллардан ашкан. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 30% көп, деп билдирет Finprom.Kz серепчилик порталы. Казакстандан КЭРна жеткирилген экспорттун көлөмү да оң динамика көрсөтүүдө. Болжол менен 12% же 15 миллиард долларга жакын. Республика Кытайга негизинен мунай жана мунай өнүмдөрүн ташыйт. Ошондой эле, негизги экспорттук товарлардын катарына жез, газ, металлдар жана ферроэритмелер кирет. Кошумчалай кетсек, Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кытайга айыл чарба өнүмдөрү эки эсе көп, 1 миллиард долларга экспорттолду. Казакстанга негизинен КЭРнан 2023-жылы жеңил унаалар, компьютерлер, кураштыруучу тетиктер жана унаа тетиктери, текстиль товарлары импорттолду. Ал эми Кытай инвестициясына келсек, алар негизинен тоо-кен жана соода тармагына багытталган. Ар бирине миллиард доллардан ашык каражат салынды. Өткөн жылдын үчтүн айы-аяк оона айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөгө Кытайдан келген түз инвестициянын жалпы агымы 1,4 миллиард долларды түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 36%га көп.
Которгон: Илгиз Жамалбеков